www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солтон-Сары кенинин Бучук тилкеси ушул жылы иштетиле баштайт, деп билдирди бүгүн, 26-мартта Бишкекте өткөн жыйында министр Медер Машиев.

Машиевдин айтымында, кытайлык <<Zhong Ji Mining» компаниясы завод куруп, ишке киришүүнү пландоодо.

«Жакында биз алар менен жолугуп, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкууладык. Алар 2025-жылы компания 3,4 тонна алтын казып алууга милдеттенме алышты. "Zhong Ji Miningдин" негиздөөчүсү Кытайдын "China Gold" мамлекеттик компаниясы болуп саналат», - деди министр.

Маалымат үчүн: «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км алыстыкта, Нарын облусунда, Капка-Таш кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Кен 3 тилкеден турат Бучук, Ак-Таш, Алтын-Төр. Кендеги алтындын жалпы болжолдуу запасы 20 тоннага жакын.

2009-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining>>> компаниясы Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесинде иш жүргүзүүгө укук алган. Ал чалгындоо иштерин жүргүзүп, 2013-жылы 2033-жылдын апрелине чейин кенди иштетүүгө лицензия алган. Бучук тилкесинин аянты 44 га.

Окуядан 2 жыл өткөндөн кийин кызматкерлер менен жергиликтүүY тургундардын ортосунда чыр чыккан.

Жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнүн булганышына жана аймактын чет элдик компания тарабынан өздөштүрүлүшүнө нааразы болушкан. 2011-жылы чалгындоо иштери башталганда, тургундар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Последние новости