www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Украинадагы кырдаал боюнча АКШга эскертүү берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
АКШнын Украинага карата саясаты алардын "өзүмчүл геосаясий максаттарынын" чагылышы, ал эми Вашингтон "от менен ойносо сөзсүз күйүп кетерин" эстен чыгарбашы керек, деп билдирди кытайлык серепчи Синь Пин Global Times гезитиндеги макаласында.
Автор белгилегендей, 2014-жылы АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер "Украина "каршы тараптардын заставасы" эмес, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрөгө айланышы керек деп жазган.
Ал эми "СССРди чектөө боюнча америкалык стратегиянын архитектору" Жорж Кеннан өз кезегинде 1998-жылы НАТОнун экспансиясына нааразычылыгын билдирип, аны "жаңы кансыз согуштун башталышы" деп атаган жана Орусия "убакыт өткөн сайын терс реакция жасайт",- деп айткан.
"АКШ жетектеген НАТО бул сунушту четке кагып, чыгышты көздөй Орусияга карай жылууну улантты. Ошентип, Украина кризисине шарт түзүлдү", - деп белгилейт Пин.
Ошол эле маалда, Москва Кошмо Штаттарын жана НАТОну коңшу өлкөлөргө чабуул коюучу куралдарды андан ары экспансиялоону жана жайгаштырууну токтотууга ачык эле чакырды, бирок Вашингтон бул олуттуу тынчсызданууларды этибарга алган жок, деп эскерет макаланын автору.
Байкоочунун айтымында, азыркы учурда Украина АКШнын Орусияны ооздуктоо үчүн куралы болуп жатат.
"Бул кризис кансыз согуштун менталитетинин жана Америка Кошмо Штаттары өзүнүн эгоисттик геосаясий максаттарын көздөп жаткан оюндун чагылышы. Америка от менен ойногон адам сөзсүз күйүп каларын түшүнүшү керек",- деп жыйынтыктайт автор.
Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышууда АКШ Орусияны күнөөлөп, Батыш мамлекеттери менен биргеликте Орусияга ар тараптуу кысым көрсөтүүгө аракет кылып жаткан учуру.
Булак: NazarNews.kg