www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манастын уулу Семетей" аталышындагы көркөм тасма 25-августтан тарта эл сынына коюлат. Бул тасманын тартылышына каршылыгын билдиргендер көп болуп, коомчулукта эки ача пикирлер жаралган.

Буга чейин да каршылыгын көргөзүп келген тарыхчы Кыяс Молдокасымов аталган тасма боюнча Фейсбуктагы баракчасында, "Манасын ушинтип тартты деп, башка элге шылдың болобуз!", - деген пикирин калтырды.

"Бул көркөм тасманы Президенттин катышуусунда көргөнбүз. Манасын ушинтип тартты деп башка элге шылдың болобуз! Жарабайт! деген оюбузду айтканбыз! Президент да оңдолсун деген. 31 жыл аралыгында көп нерсенин ойронун чыгардык! Баалуулуктарыбыз бузулду! Эми туу туткан Манасыбыздын ойронун чыгаралыбы!? Аң сезимибизде бекем орногон Манасыбызды бузабызбы?!

Ойлонолу! Эсибиз барда токтотолу! Бөлөк элге шылдың болбойлу!", - дейт Кыяс Молдокасымов.

Эскерте кетсек, буга чейин "Манастын уулу Семетей" аттуу көркөм тасма тартыла баштаганы белгилүү болгон. Ал президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатканын тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков билдирген. 

Белгилей кетсек, Кыяс Молдокасымов буга чейин да аталган тасма тууралуу өз пикирин билдирген.

"Кино тарткандар бир миллион доллар каражат топтодук деп жатышат. Бул каражатка “Манастын уулу Семетей" өз деңгээлинде тартылбайт. Киноиндустриясын жакшы билем, буга өтө чоң каражат керектелет. Экинчиден, "Манас" эпосу ар бир кыргыздын жүрөгүнөн терең орун алган өзгөчө баалуу чыгарма. Ошондуктан катардагы эле бир киного айланып калуу коркунучу бар. Бизди азыр коңшулар да "Манасына" кандай мамиле кылат деп карап турат.

"Манастын", "Семетейдин" ичинде эмне деген керемет эпизоддор бар. Анын баарын бир миллион долларлык тасмага батыруу мүмкүн эмес. Тартылса да максатына жетпей калган бир кездеги "Каныбек" киносу сыяктуу болуп калышы турган иш. Биз топтолгон элди, тартуучу топту, актёрлордун минген аттарын, формаларын көрдүк. "Манас" эпосу шашылыш үч айда тартылып, элге жарыялай турган оюнчук тасма эмес. "Манас" темасына кайрылганда, мамлекеттик деңгээлде өтө чоң даярдыкта конкурстарды уюштуруп, ошол доорго жооп бере турган оригиналдуу кийимдерди, декорацияны мыктылап алып анан киришүү керек", - деген тарыхчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости