www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пекин ыш менен түтүндөн кантип арылган? 15-20 жыл башта Пекин дүйнөдө абасы эң булганган шаарлардын бир эле. 2007-жылы кышында Пекинге барганымда асман көрүнчү эмес. 100 метр ыраактагы бийик үйлөрдү көрүү да мүмкүн эмес эле. Азыркы Бишкектен да абасы кир болчу. Мындай пикирин Кыяс Молдокасымов өзүнүн соцтармактагы баракчасынан бөлүштү.
--2019-жылы декабрда соңку ирет Пекинге барганда асман чайыттай ачык, аба таза, ыш менен түтүн жок. Таңкалдым. Кантип десем, 700дөй заводду көчүрүптүр. Көчөдө бир күнү так, бир күнү жуп номердеги машиналар жүрөт экен.
Тартип бузулуп, камерага түшсө машинасы капут экен. От жакмай жок. Дегеле Кытайда үйдө, короодо от жакмай токтотулуптур. Бак тиккен адамга чоң өлчөмдө акча төлөнүп берилет экен. Электромобилдер салыктан бошотулган. Кыскасы катуу тартип, ири өлчөмдөгү каражат аркылуу Пекин шаары ыштан, түтүндөн тазаланды, - дейт белгилүү тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg