www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тагай бийдин тарыхына эмес, ага жасалган тайкы мамиле тууралуу айтып, урпактарын намыска чакыргым келет! Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.
"Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз бир адам деген пикир тарыхта басымдуулук кылып келет. Кыргыздын башын бириктирген, жерин кеңейтип коргогон, баскынчыларга каршы катуу турган башчы болгондугу тарыхта так жазылган. Тагай бийден таркаган кыргыздар, анын урпактары өлкөнүн тарыхында өзгөчө орунду ээлешет. Өтө намыскөй келишет. Бирок мен Тагай бийдин тарыхына эмес, ага жасалган тайкы мамиле тууралуу айтып, урпактарын намыска чакыргым келет!
Тагай бийге арналып жазылган бир топ эмгектер бар. Алардын арасында мындан 5-6 жыл мурда жазылган Табылды Актанов агабыздын драмалык чыгармасы өзгөчө. Окусаң жан дүйнөнү дүргүтөт, жүрөктү козгойт! Кыргыз экениңе сыймыктандырат. Элди биримдикке үндөйт! Тарыхты терең билүүгө таасир этет! Кыскасы өзгөчө чыгарма!
Мына ошол чыгармага жан киргизип, жогорку деңгээлде даярдап, сахнага алып чыгуу маселесин 5 жылдан бери көтөрүп, бийликке, бизнесмендерге кайрылып келем. Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков: Өтө жакшы болот, бизге ушундай чыгармалар керек, акчасын чечип берем" - деп кубануу менен колдоого алган. Бирок ал тарыхка да, Тагай бийге да акча бөлдүртүп берем деген убадасын аткарбады! Сөзүнө турбады!
Андан соң жакшы бир бизнесмен иним Тагай бийди сахнага койдурганга каражат бермей болду. Бирок Улуттук Драма театрдын имараты ремонтко деп жабылды. Анан Ковид пандемиясы башталды. Бирок ал иним бийлик алмашкандан кийин иши жүрбөй кыйналып, адилетсиз олчойгон акчага доо коюлуп, анын айынан сырттан келе турган инвестиция кан буугандай токтоп, иши солгундап, алган насыяларын төлөй албай кыйналып, акча бергенге чамасы келбей калды.
Андан бери бир топ акчалууларга кайрылдым. Тагай бийдин урпактарына айттым. Табылды байкемин мыкты чыгармасын сахнага койдурууга каражат таппай жандалбас кылып келем. Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевичке да айттым. Жардам берем, каржылап берем деп дароо макул болду. Кытайдан табылган архивдик документтерди котортуп алып келүүгө, Тагай бийге (Мухаммед Кыргызга) жан киргизип сахнага койдуртууга кат аркылуу кайрыл деди. Катты жазып бергениме туура жети ай болду. Дале жымжырт....
Ошентип "Тагай бийдин" "тагдыры татаал" болуп жолу ачылбай, тайкы мамиле жасалып келет. Качан жарк этип, сахна аркылуу элге жетет? Саргайып күтүп келебиз! "Үмүт үзүлбөйт, кайра жанат", - деп Насыйкаттын обону менен саптары беш жылдан бери жаңырып келет!", - деди тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg