www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыяз Молдокасымов: «Курултай мыйзамы керек»

- Элдик курултай мыйзамы парламентте колдоо тапкан жок. Эл өкүлдөрү оркойгон карама-каршылыктарды айтып, чийкилигин билдирди. Негизи, азыркы мыйзам долбоору боюнча курултай сунуш берүүчү орган катары гана кызмат кылат экен. Иши канааттандырылбай калган Президентти кызматтан кетире албаган институттун кереги барбы? Кошоматчылар, дүжүр чалдар топтолгон жерге айланып, курултайдын кадыры кетпейби?

- Бул мыйзам керек. Анткени Башмыйзамда да Курултай институтун киргизүү каралган. Болгону мыйзам келечекте коомду алдыга өнүктүрүү, жарандарды активдештирүүгө багыттап, ынтымакты арттыра тургандай мыкты жазылып, кабыл алынышы керек.

Ал түгүл Курултайдын делегаттары өлкөнү өнүктүрө турган, рухий баалуулуктарды күчтєндүрө турган реалдуу программа иштеп чыгып кабыл алууга да жарамдуу болгону дурус.

Курулай кыйкыруу, билсе-билбесе сындоо, бийликти демитип өз кызыкчылыктарын чечүүнү көздөгөн өкүлдөрүнөн тазаланып туруусу зарыл. Коомдун бардык катмарларынан, өзгөчө прогрессивдүү өкүлдөр басымдуулук кыла турган механизмдер киргизилиши шарт.

Курултайдын делегаттары катуу люстрациядан өтүп, коррупцияга аралашкандар, курулай сөзү менен эмес, аткарган иши менен таанылган, калыстыгы, даанышмандыгы менен өзгөчөлөнгөн жарандардан куралышы керек.

Мыйзамга алар так жазылып, милдеттери ачык жазылышы зарыл. Ошондо Курултай өзүн актаган, зарылдыгы байкалган институт болмокчу.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости