www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-июлда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 3 жаштагы наристе көз жумган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага кызамык деген диагноз коюлган. Алиевдин айтымында, ал дароо реанимация бөлүмүнө түшкөн.

«Анын абалы оор болгондуктан дароо реанимацияга түшкөн. Ооруканада бир суткадан ашык жатты. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Башка кошумча оорулары бар экени да аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабай бала чарчап калды», - деп билдирди башкы дарыгер

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости