www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызамык менен ооруган балдардын 37 пайызы эмделген эмес

 

Кызамык менен ооруган балдардын 37,5 пайызы эмделген эмес. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешмеде айтылды.

2023-жылдын соңунда кызамык оорусунун 7 миң 46 учуру катталса, 2024-жылдын 17-апрелине карата бул илдетке чалдыккан балдардын саны 8 миң 209га жетти.

Акыркы аптада оорунун саны 1,8 эсеге азайды.

Өлкөдө 138 миң бала кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын, 146 миң бала эки дозаны тең алышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигине оорунун алдын алуу жана балдарды кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости