www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызамыкка каршы эмдөө уланууда

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.

Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 25 миңге жакын бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт.

Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн.

Ай сайын кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган.

Эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости