www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан бошотулган Нарын облусу боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгынын (КБК) башчысы Алмаз Усеналиев кызматка ээ болуп, Ош облусуна которулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 15-февралда милициянын полковниги Алмаз Усеналиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин жаап-жашырган факты боюнча 22 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын ИИМдин басма сөз кызматы расмий тараткан. Алардын арасында Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Усеналиев да бар болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости