www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыяда түн ичинде автоунааны тартып алып, тоноочулук кылган үч жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-февраль саат 2:00 чамасында 24 жаштагы А.у.О. өзүнө таандык Opel Vectra үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда бейтааныш үч бала аны токтотуп, телефонун жана айдаган автоунаасын ачык эле коркутуп тартып алып, изин жашырып кетишкен.

«Жабырлануучу А.у.О. ошол эле түнү жолдо баратып шаарда кызматын өтөп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине жолугуп калып, окуяны түшүндүрүп берген. Анын автоунаасын айдап качкан жаран шаардын көчөлөрүнүн биринде жол кырсыгына кабылып, материалдык чыгымга учурагандыгы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучунун арызы Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) жана 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы Т.К. менен 19 жаштагы П.С. жана И.Б. аттуу тургундары аныкталып кармалды.

Учурда кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости