www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарында ички иштер бөлүмүнүн имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн катышкан аземде расмий ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тарыхы 1940-жылдарга барып такалат. Алгач бөлүм Кара-Козу айылынын Рудник участкасында жайгашкан. Кийинчерээк 1975-жылы милиция имараты шаардагы №7 лицейдин жатаканасына көчүрүлгон. 2002-жылы башка имаратка бөлүнгөнү менен, шарттын ылайыксыздыгынан улам ошол эле жылы азыркы А.Султанов (ошол кездеги Юбилейная) көчөсүндөгү мурдагы ОсОО “Кайрат” соода үйүнүн имаратына жайгаштырылган.

Учурда Кызыл-Кыя ШИИБине караштуу Караван айылдык милиция бөлүмчөсү иш алып барат. Бул бөлүмчө 2013-жылы ачылып, Караван, Жин-Жиген жана Ак-Булак айылдарын тейлейт. Азыркы учурда аталган бөлүмчө үчүн өзүнчө 3 сотых жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имараттын курулушу башталган. Бул имараттын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, 2026-жылдын экинчи чейрегине пайдаланууга берилүүгө мерчемделүүдө. 

Бул имарат 2024-жылдын ноябрь айларында имарат шаардык муниципалдык менчигинен ИИМдин балансына өткөрүлүп, ички иштер органдарынын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Президент Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун жана ИИМ министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгесинин негизинде, имарат 2025-жылдын май айынан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштаган.  

Жаңыланган үч кабаттуу имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн: заманбап конференц-залдар, санитардык түйүндөр, душ, жылуу суу менен камсыздоо системалары орнотулуп, нөөмөт бөлүмүнө санариптештирилген башкаруу технологиялары киргизилди.

Бул имарат 2026-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Последние новости