www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылыч Шанаев аттуу Фейсбук колдонуучусу Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун унаа жолдорунун абалын видеого тартып жеке баракчасына жүктөгөн. Видеонун астына ал “Кудай буйруган күнү жолдорубуз оңолуп калаар. Ага чейин чыдабаска арга жок”, -деп жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

“Өкмөткө өгөй регион!

1991-жылдан бери Кыргызстан жол куруу үчүн чет өлкөдөн 3 млрд 700 млн $ кредит алган. Кайсы региондун депутаттары же тың чыкмалары кыйын болсо, ошолордун айыл-кыштактарына чейин жолдору оңдолуп, бизге окшогон региондордун жолдору союз курган жол боюнча калып кеткен. Мисалга алсак, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда 270 миңге чукул киши жашайт. Ал эми жолдун абалы болсо Афганистандын жолдорундай. 3 млрд 700 млн $ акча жалпы мамлекетке тиешелүү.

Ошол мамлекеттин ичинде 1 облуска тете 3 район дагы бар. "Эмне үчүн биздин жолдор жасалбайт" деген суроо туулбай койбойт. Кен байлыкты сатып миллиарддаган пайданы көргөн мамлекет бергенди билбейби? Жок дегенде ошол кен байлыктардан түшкөн акчаны жолубузга жумшаганда азыр биз мынчалык азап чекпейт элек. Дагы канча чыдайбыз билбейм.

Айтайын дегеним, ошол 3 млрд 700 млн $ акча бардык региондорго бирдей бөлүнсө.
Кимдер кыйын болсо эмес, кимдер муктаж болсо ошолорго берилсе. Бийлик биздин өрөөнгө өгөй балдардай мамиле кылганын токтотсо. Качан караба биз унутта калтырылабыз. Жолдор экономиканын күзгүсү. Дагы "Кыргызстанды туризм өлкөсү кылабыз" дегенине не дейсиң?
Жолдордун кейпи тиги болуп жатса кайдагы туризмдин өлкөсү? Кайдагы экономика?
Айыл өкмөт, депутат, акимдер аман эле болгула! Кудай буйруган күнү жолдорубуз оңолуп калаар. Ага чейин чыдабаска арга жок”.                    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости