www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин жоокер Шамсудиновдун соттогу кызыкчылыгын Марат Ашимов жана Равиль Тугушевдер жактап келген. Ал эми кече Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров өзүнүн адвокаты Саид-Магомед Чапановду жана анын кесиптеши Равиль Тугушевди жибергени белгилүү болду.

Ошентип аскерде чогуу кызмат өтөгөндөрүн аткан Рамиль Шамсутдиновдун кызыкчылыгын белгилүү төрт адвокат жактамакчы.

Айтмакчы аталган жактоочулар кылмыш ишти болушунча жумшартуу аракетин көрө башташканы айтылууда. Алар кырдаалдан чыгуу үчүн жоокер ошол учурда аргасыз мындай кадамга барганын эске алуу менен ага козголгон кылмыш беренесин башка жеңил беренеге алмаштырууну көздөшөт.

Белгилей кетсек, айыпталып жаткан жоокер сегиз аскердин алтоосу аны зордуктамакчы болгонунан улам атып өлтүргөнүн айткандан кийинки жаралган жаңы жагдай. Анткен менен муну өз учурунда Орусиянын Коргоо министирлиги “жалган маалымат”, -деп четке кагып келүүдө.

Эске сала кетсек, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер Рамиль Шамсутдинов өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди жана офицерлерди, жалпысынан сегиз адамды атып өлтүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости