www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстандын аймагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 205 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашырылып жатыптыр. Негизги үч багытта экен. Аны аталган агенттиктин жетекчиси Бекжан Супаналиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын комитет жыйынында айткан жайы бар.
Андагы үч негизги багыт - таза сууну камсыздоо жана санитария кызматы менен анын сапатынын жеткиликтүүлүгү – 102 миллион доллар, айыл чарбасын өнүктүрүү – 57 миллион доллар, элет коомчулугун өнүктүрүү – 46 миллион доллар жумшалып жатыптыр. Бирок негедир дал ушул үч багыт тээ атам замандан бери аксап келатат. Таза суу деп канчалаган инвестициялар келет ар жылда? Ишенбесеңер Түп районунун Ой-Тал айылына барып көргүлө!
"Жыйырма жылдан бери таза суу чыгарып беребиз дешет, азыр деле убадаларын берет, бирок тиричиликке арыктагы сууну эле колдонуп жатабыз", – деп жооп беришет айылдыктар. Айыл-чарбасычы? Ой, өнүктүрүп эмне кыласыңар? Алгач баба дыйкан өндүргөн продукцияны экспорттоо маселесин чечип бергилечи дегиң келет. Андан көрө жанагы 205 миллионду накталай түрүндө эле ар бир дыйканга бөлүштүрүп берип койсоңор өзүлөрү ишин тың алып кетет, агенттиги жок эле.
Булак: NazarNews.kg