www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкеккке келген ар бир автобустун наркы 33 миң доллар турат. Мурунку автобустарга салыштырмалуу ыңгайлуулугу жок, кичинекей. Бул автобустарды билгизбей элге сиңириш үчүн жарым ай бекер каттатып, жол кирени кымбаттатуу тууралуу шопурлардын митингдерин уюштуруп, эптеп ыңгайсыз автобустарды Бишкекке тыкты. Калайык-калктын бары тең Бишкек депутаттарындай бардар көпөстөрдүн жек-жааты эмес. Азыр Европадагы кээ бир кыргыз жигиттери өздөрүнүн акча каражаттарына ыңгайлуу автобустарды сатып алып, жол кирени 8 сомдон эле кылып, Бишкекке жардам көрсөткүсү келип турат. Арифметикалык эсепке салышса 8 сомдон ар кандай чыгымдарды жаап, андан да ашып калат экен. Бирок, бул үчүн Бишкек мэринин кепилдиги керек эле. Бишкек мэри болсо Өзбекстандан өтпөй жаткан кымбат автобустарды 33 миң доллардан Бишкекке тыкты. Эми болсо жол кирени көтөрө турган болду. Накта бийликке каршы жексур ушул экен, болбосо мынча аярлады парламенттик шайлоо бүткүчө күтө турса болмок. Ансыз деле «жарылуу» абалында турган кыргыздар жол кире кымбаттаса көтөрө алышабы? Же бул Бишкек мэри «жарылуу» болуп кетсин деп атайы тутанып турган отту үйлөп жатабы?

Баа көтөрүлгөнү Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу депутаттарга кепек эмес. Ал депутаттар арзан автобуска түшсө уялып кетет. Уялчаак депутат жол кире кымбаттаса деле уяла берет. Бишкекке кайталап шайлоо өткөзүп жатып, араң депутат болушкан. Мурунку депутаттары Усубалиевдин небереси, Пирматовдун эжеси, Салымбеков жана башка дөө-шаалардын жек-жааттары депутат болуп келишкен. Мэрия эмне дешсе кол көтөрүп беришчү. Добуш бергени аз келгенсип опера театрын ижарага алышып, той-тамаша өткөрүп турчу. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» эми деле Салымбеков, Атамбаевдин бала-бакыралары келишти. Ооба, Атамбаевдин баласы автобуска түшүп көрүптүрбү, бирок Атамбаевдин айтуусу боюнча жол киренин көтөрүлүшүнө каршы чыгып турат. Ал депутаттар кезексиз биринчи жыйында эле мэрди альтернативасы жок шайлашты, эми жол кирени көтөрүп беришти. «Светтин» баасын көтөрөбүз деп турганда президент токтотуп койду. 1-ноябрдан баштап Бишкекке жол кирени көтөрсө эле өлкө боюнча жол кире көтөрүлөт. Айлык акы көтөрүлбөсө карапайым элге катуу сокку урулат. Парламенттик шайлоо алдында мындай «удардын» кереги барбы? Балким, президент жол кирени көтөрүүнү токтото турар.

 Шаардын борбордук бөлүгүндө экологиялык жактан таза муниципалдык коомдук транспорт гана каттайт.  Бул көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кадам жасалган. Июнь айында линияга Өзбекстанда чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү 33 миң долларлык 50 автобус кирген. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында, дагы 40 автобус жеткирилген. Бирок булар газ менен жүрүүчү автобустар.

2023-жылга чейин алар газ менен иштеген 1 миң унаа жеткириши керек. Ал эми кийинки жылы ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген адамдар үчүн пандустарды камтыган 350 автобус, анын ичинде ири автобустар алынып келинет. Эл аралык донорлор менен келечектүү долбоорлор бар. ЕРӨБ «Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорттук тутумун өркүндөтүү» долбоорун пландаштырууда. Долбоорго ылайык, жаратылыш газы менен иштеген автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону пландалып жатат. АӨБ «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Ал эки фазага бөлүнөт. 1-фаза — электр автобустарын сатып алуу, 2-фаза — муниципалдык транспорттогу маселени изилдөө. Долбоордун алкагында 120дан ашык электр автобустарын жана ДЕПОну модернизациялоо пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүнө башташкан, акыры тилектерине жетишти. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан көтөрүүгө макулдук берди. Ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулайт.

Вице-мэр Таалайбек Орозов токтом долбоорунда экспресс маршруткаларга өзүнчө тариф коюлбаганын кошумчалады. "Бул маршрут жакшы ой менен ишке киргизилген. Мисалы 12-кичи райондон чыккан экспресс маршрутка "Дордой" базарына чейин төрт эле аялдамадан токтошу керек. Ошон үчүн ага жогорку тариф коюлган. Бирок алар артыкчылыктарын колдонуп, ар бир көчөнүн кесилишине да токтоп жатат. Эми андай артыкчылык берилбейт", — деди Орозов. Экспресс маршруттардын жол киреси 17 сом болчу.

Вице-мэрдин айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт. 183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1300ү эл ташыйт. Июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.

Жакында Бишкек шаарына 33 миң долларлык автобустар келген. Жаңы келген автобустар шаарыбыздын экологиясына мурдагыдан да терс таасирин тийгизип жатат дегендер да чыкты. Буга чейин Бишкек мэриясы «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсы менен газ менен жүрүүчү эко - автобустарды алып келүү боюнча келишимге кол коюшкан. Азыркы автобустар Өзбекстандан келип жатат. Газ менен эмес дизель автобустар. Бул шаарыбызды экологиясына мурдагыдан да терс таасирин тийгизет. Газдаштырабыз деген Бишкек ТЭЦ ишке ашпай турган болду, газ менен жүрөт деген автобустар дизель болсо, быйылкы кышта Бишкеке жашап деле кереги жок болот окшойт.

Автобустардын келиши да Түлеевдик «коррупциялык» жолдорду баспагай эле. Билишимче газ автобустардын баасы 39 миң $ экен, а бул дизель автобустардын баасы 33 миң $ турат экен. Айтор, бааларда дагы айырма секирип жатат. «Мамлекеттен бир тыйын кеткен жок» - деп жатат. Анда бир жылда келип бүтө турган 350 автобус кандай негизде келди? Чын эле бепбекерби? Жок, болушу мүмкүн эмес. Алгандын бермейи бар да. Кредитке болсо керек. Бул кредитти жабыш үчүн ар бир автобус күнүнө 7-7.5 миң сом иштеп табышы керек.

Автобустардын Өзбекстандан келип жатканын эске алсак, анда Азияны «Кия», «Тойота» борборлору менен кармап турган өзбек эки ишкер жигиттин кулагы тикчийе тургандай. Булар жөн эле баш салчулар эмес эле. Кызыгы кыргыз тараптан аталган «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсын, Кыргызстандын кен байлыктарына кенен колу-бутун салып, Бишкек шаарынан эле 28 батирди дос-тууганына жаздырып ээлеп турган, ал үчүн сурак берип, бирок суудан кургак чыккан, бир кездеги Тоо кен агенттигинин башчысы абактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин орун басары Азиз Сапаралиевдин башкарып жатышы эле, бир топ сөздү чыгара тургандай.

Эмнеси болсо да, булганган шаарыбыздын тазалыгы үчүн деп, башында газ автобустар келет деп келишим түзүп, анан минтип дизель автобустардын келип жатышында чоң «сырлар» бар. УКМК укуругун ушундай күмөн санаткан иштердин башталганында ыргытпай, баары чырмалып, жеп, алып, туйтунуп бүтүп качып, автобустар талкаланып калганда иш козгоп, коррупциясы болсо камап калышат.

Жол киренин шайлоо болгон соң көтөрүлүшү ичиркентип турганда акысыз каттаган жаңы автобустар келе баштады. Эми ансыз деле айлыгы аз элдин чөнтөгүнө кол салбай ишташтоону баштаган бузуку шопурлардан арылыш керек. Түштүк Кореянын Isuzu үлгүсүндөгү автобустар Токмок шаарында курулуп калмак. Ошол мезгилдеги кыргыз «истэблишменти» кекиртегин чертишұип, «шапкесине» мыйзамсыз акча сурап жатышып, Өзбекстанды көздөй өтүп кеткен. Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет.2021-жылдын 22-июнунда Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Албетте, жаңы автобуска эмнелерди каалайбыз, ылайым жол киренин баасы көтөрүлбөй, айлыгы аз, көңүлдөрү пас жүргүнчүлөрдү маанайы көтөрүлсө экен, Балбак Түлөбаев пландагандай жол киреси көтөрүлбөсө экен.

Бул автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакыт ичинде алып келинди. Газ менен жүргөн автобустар шаарга эми келет. Бардыгы 350 автобус алып келүү пландалып жатат.

Автобустарды алып келип иштетип жаткан "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компаниянын маалыматына караганда, жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт. Бул да жакшы жөрөлгө, бир жума болсо да эл-журтуна жеңилдик каалап турган бул компанияга рахмат!

Бишкек шаардык мэриясы Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.

Жол кирени көтөргөндөн мурун, бири-бирин кайталаган маршруттардын санын кыскартыш керек. Бийлик айдоочуларга убактылуу азуусун көрсөтүп койду. Акыркы мезгилде «Кумтөр» маселеси чиедей чырмалышып, улам бир алкы-бузуктун жүзү ачылып жатканда, туурадан айдоочуларга бүлүк салышып, жол кирени 15- сомго көтөрүшүп, элдин капчыгына кол салгысы келгендер чыгышкан. Учурда мэрге канат бүтүп Жамалбек Ырсалиев деген жаш канаттуу болду. Мэриянын оюу боюнча Бишкек шаарында борбор калаанын символу боло турган «Ала-Тоо Тауэр» комплексин куруу пландалууда. Анын айтымында, комплексте соода түйүндөрү, мейманканалар болот.

Калаа башчысынын мэри тарифти Бишкек шаардык кеңеш чечкенин, алар азыр үгүт иштери менен жүргөндүктөн чолоосу жок экенин айтууда. Жол кирени көтөрүүдөн мурун бири-бирин кайталаган маршруттардын санын кыскартыш керек эле. Бишкекте бопбош эле каңгып жүргөн кичи автобустар канча? Жол кирени көтөрүп койгондо элге кыйынчылык түшөт, ал эми алардын кичи автобусу бары бир толбойт. Ошондуктан, кереги жок маршруттардын лицензияларын алып, Бишкек ичиндеги маршруттук таксилерди кыскартыш керек. Бул маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү жула качып, автобустарга тоскоолдук кылышат.

Ал эми айыл тараптан келген (пригородный) маршруттук таксилердин жол киреси жетишерлик эле. Алар жык-жыйма болуп, бири-бирин тебелесе да резинадай сала беришет. Бир рейстен эле 500-600 сомго чейин табышса, бир рейсин бензинге кетиришсе, канча пайда таап жатышат.Бишкекте жол кире көтөрүлсө алар каалашынча жол кирени көтөрүшмөк. Эмне алар байыш үчүн жүргүнчүлөрдүн жол киресин көтөрүү керекпи?

Бишкекке 350 жаңы автобус келе жатат деген кеп угулуп калганда эле, мэрдин ой-пикири боюнча жаңы сатып алынган автобустарды накта акчага эмес, келечекке карыз алгандыктан жол акысын көтөрүшүбүз керек экен. Алардын оюу боюнча автобусту сатып алган акча каражаты али чечиле элек эле. Өзбекстандагы автобусту чыгарган заводдор менен келишим түзсөк, ал заводдор бизге 3-5 жылга чейин автобустарды насыяга берет имиш. Ошондо азыркыдай 100 гана автобус эмес, эки жылга кенен эле, 500 автобус сатып алсак боло тургандай экен. Эгер жолдо жүрүү тарифин 15-20 сомго көтөрсөк шаардыктар ыңгайлуу, жаңы автобустарды сатып алса болот деген. Ушундай жол менен жол жүрүү тарифин көтөрүп гана каржылоо маселесин Бишкек мэриясы чечип алат экен. Алар да Бишкек мэриясынын каймагын калпып “ооз тийип” калган эле, бирок “ай күнүнө жетпей” ал кызматынан кеткен. “Таппасаң сыйпалап кал” мэр автобустар менен жылаңайлак жүрүшүп эл менен кошо кыйынчылык тартыш керек. Мэрлер кымбат баалуу унаага отурушкандан бери, элдин жол жүрүү акысы көтөрүлөбү баштары деле оорушпайт да.

Күнүгө жок дегенде арты 1000 сом таап, алды 2-3 миң сом таап жаткан айдоочулар элди ойлобой өз жандарын ойлошуп жол кирени көтөрүү талабы менен чыгышууда. Шопур Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып жаткан Атамбаевдин заманында айдоочулардын айткандары «лып» аткарылып жол кире улам-улам көтөрүлүп турчу. Бишкек мэри Иса Өмүркулов жан дили менен көтөрүп турчу, 2012-жылдын 1-майында бааны көтөргөн. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң айдоочулар дагы жол кирени көтөрүү маселеси менен чыккан, иштесең ушул жол кире менен иште, иштебесең башкалар иштей берет деген принцип менен жол кире көтөрүлгөн эмес. Азыркы бийлик да ушул позицияны тутунуп жалпы элге жакшы кылды. Эгер Бишкекке шайлоо өткөнүнө аз гана болуп, али официалдуу шайлана элек мэр айдоочулар үчүн элге каршы жол кирени көтөрүп, элдин кыжырына тийип, кайрадан башалмандыкка жол ачышы мүмкүн эле. Айлыгы аз эл үчүн жол кирени бир-эки сомго көбөйтүү да оор тийет. Анткени, кээ бир үйдө канча адам жумушка барып келсе, канча бала мектепке барып келип жатат. Андай болсо айлыкты да көтөрүш керек.

Эгерде маршруттук автобустун айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылыш керек эле. Бул тууралуу транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берип, эми иш таштоо болсо, маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлүш керек эле.

Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, мэрия болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылыш керек. Бир апта маршруттук таксилердин айдоочулары ишти токтотуп жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметаны шаардык транспорт бөлүмүнөн карашып азырынча мурунку баа менен калышты. Күнүгө миңдеген сом киреше таап жаткан шопурлар элди дагы сыгып жол кирени көбөйтүүнү талап кылууда. Айдоочулар ишин таштап жатышат, ал эч нерсе эмес, жалпы эл чыга турган болсо бийликти шыпырып түшкөнүн көрүп жүрөбүз. Ошондуктан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл кыйналып турат, элдин айлыгын көтөрөлү анан жол кирени көтөрөлү деген маселеге келиш керек эле. Кызмат машинасы менен жүргөн мэрдин жол кирени көтөргөнү жакшылыкка алып келбесин түшүнүп турабыз, эмне бул мэр башаламандыкты каалап турабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости