www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында адамдын тагдыры атайын өзгөртүлгөн учурлар болгонун билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съездинде айтты.
«Кыргыз соту тегирмен сыяктуу. Эгер ага түшүп калсаң, оңой менне чыга албайсың. Мен бул тегирменге түшүп, бир нече жылдар бою бардык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн адам катары айтып жатам. Эгерде адвокаттар жок болсо, биринчиден, алардын моралдык колдоосу болбогондо, мен болгон нерсенин баарын көтөрө алмак эмесмин», - деди ал.
Адвокаттардын курултайына өлкөнүн аймактарынан келген жактоочулар, юристтер катышууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4000 ашык жактоочу иштөө үчүн уруксат алган.
Булак: NazarNews.kg