www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артём Новиков айдоочуларга жеңилдик болуш үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Газды автоунааларда күйүүчү каражат катары колдонууну көбөйтүү үчүн атайын долбоор каралып жатат. Бул тууралуу Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.

Ал Кыргызстанга келген россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык миссиясы менен жолугушууда сүйлөп жатып, аталган фонд учурда экология тармагында эки долбоорду даярдап жаткандыгын айтты.

"Экинчи долбоор республика боюнча газды күйүүчү май катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууну көздөйт. Муну ишке ашыруу экологияга гана оң таасирин тийгизбестен, бензин кымбаттап жаткан азыркы учурда автоунаа айдагандардын чыгымын азайтат. Албетте, бул долбоорлор бир күндүк же бир жылдык эмес, андан сырткары өлкөнүн экологиялык жактан туруктуулугунун маанилүү бөлүгү болуп калмакчы", — деген Новиков.

Төрага кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айдоочуларга газ жабдуусун алууга узак мөөнөттө, аз үстөк пайызда каражат бериши үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

РКӨФ автоунаа ээлерине жогорудагы продукцияны пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында газ ташып келген компанияларга атайын кампаларды жана куюучу жайларды куруу боюнча колдоо болорун айтты.

Новиковго бул долбоордун алкагында бензинди пайдалангандарды газга өткөрүү боюнча иштер жасалар, жасалбасын сурады.

"Биз жарандарыбызга ыңгайлуу, арзан жана пайдалуу жолун өздөрү тандап алышына альтернатива түзүп беребиз", — деген төрага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости