www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-майга карата Баткен облусундагы бардык айылдарда жана кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Чек арага жайгашкан айылдар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Ички иштер органдары менен ички күчтөрдүн аскерлери коопсуздук чараларын күчөтүп, чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», - деп билдирди маалымат кызматы.

Өзгөчө көңүл коомдук тартипке, жарандардын коопсуздугуна бөлүнүп жаткандыгы айтылды.

ИИМдин маалымат кызматы тажикстандык аскерлер аткылаган айылдарда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, адистер иштеп жаткан жана окуяны баяндаган сүрөттөрдү таратты. Андан атылган снаряддарды, өрттөлгөн автоунааларды көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости