www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик деп койсо акактап кеткен,кыргыз элинин кызыкчылыгын кимге болсо да сатууга даяр Бабанов деген бар. Ал өкмөт башчы болуп турган жылуу ордунан Өмүрбек Текебаев баштаган топ, Түркиядан кымбат баалуу жогорку породадагы жылкы алды деген айып менен чыгышып, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кызмат ордунан бошоткон. Ал өкмөт башынан кетип баратып Боз-Бөлтөк тарапка кыргыз туусун сайып кеткен. Бирок ошол бойдон каралбай, бул туу турганы менен тегерек чети бок-сакка айланган. 2017-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев менен кармашып, Назарбаевке чыгып, казак жолу бекитилип, кыргыз элинин эси эңги болгон. Кыргыз элинин башына оор кырдаал түшүп жаткандан пайдаланышып, булар бириге калышып, элди дүрбөткүсү келген. Бирок ойлору ишке ашпай Бабанов келгин куштай учуп кете турган жерине учуп кеткени турат дешет. Бийлик талашкандардын амбициясы токтосо, анархия да токтоор.
Социалдык тармактарда саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана анын агасы Көпжашар Бабановдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу тарады.
Алардын диалогу: (өзгөртүүсүз беребиз)
Ө.Бабанов: – Көпжашар аке, каяктасыз?
К.Бабанов: – Аянтта турам.
Ө.Бабанов: – Аянтта туруп, элди топтоп, ошол жерден сүйлөп турбайсыңарбы?!
К.Бабанов: – Руслан аке менен турабыз. Азыр сүйлөшүп жатабыз.
Ө.Бабанов: – Канча адам турат
К.Бабанов: – Элдин баары турат.
Ө.Бабанов: – Биздин балдар каякта?
К.Бабанов: – Балдар чачырап кетти, чачырап жүрүшөт бары эле.
Ө.Бабанов: – Азыр мен силер менен чыгам.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg