www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» - дешчү экен кыргыздар. 11- мартта “Токсондогу чал” кетет. Быйыл токсон чыгып жаткан убакта кайра -кайра кар жаап, күн чыкыроон болуп, ал эмес тоого жакын айылдарда кар тизеден жаады, буюрса быйылкы жыл түшүмдүү болот. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин дагы 12 күн 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. “Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Токсон чыгып жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот экен. Жетимишинчи жылдын аягында алай-дүлөй шамал согуп келатып, “Токсондогу чал” кеткен жатты бекен 11-марттын алды эле, ошондо бир кезде чак түштө эле, капкараңгы болуп калды. Бир топ убакыт капкараңгы болуп туруп эле бир кезде айлана-тегеректин бары кыпкызыл болуп калды. Ал кезде шамал деген укмуш болгон, азыр күн жылып мурункудай ызгардуу шамалдар деле сээлдеп калды.

Эсенбай эсепчинин эсептөөсүндө мына ушул токсондун чыгышы да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу? Жаз эрте келеби же кеч келеби? Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу? Эгер Эсенбай эсепчи сыяктуу эсепчилер жашаганда токсон чыгып жатканда кардын жааганын боолголоп, быйылкы жыл жаан учурунда жаап, түшүмдүү болоорун аныктап коймок беле? Эсенбай сыяктуу эсепчилер ушул токсондун чыгышын жана кыш чилдесинин ар бир күнүн кандай болуп өткөнүн эсептеп, кандай сыр көрсөтүп жатат деп, өзгөчө эсине сактап байкаган. Кыргыз эли байыртан ай календарынын негизинде мезгилди такташкан. Дасыккан эсепчилер жылдызга карап, жылдын кандай болорун алдын-ала билишкен. Ай календары жана мүчөлдөрдүн негизинде кыргыздардын туулган мезгилдери белгилүү болуп, паспорт сыяктуу кимдин, качан туулганын билишкен. Экинчи паспорту, албетте жети атасы болгон. Жети атасын тактап, аталары аркылуу анын ким экенин билип турушкан. Алкай турган болушса жети атасын, жети тукумун кошуп алкап, кокус каргай турган болсо, жети тукумун кошо каргап: “Тукумуң жүздөн ашпасын”-дешиптир, ушундай каргышка дуушар болгон калмактарга кыргызды талатып жиберген Кудаяндын тукуму ушу күнгө чейин жүзгө жетпей келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости