www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге анда коронавирустун белгилери жок экенин, ошон үчүн ал атайын текшерүүдөн өтүү зарыл деп эсептебээрин билдирди.
Өлкө башчы оорунун жайылышына экономикалык жооп боюнча АКШ Конгрессинин Сенатында республикачылар менен жолугушуудан кийин журналисттерге чыккан.
“Коронавируска тесттен өтүү маанилүү деле эмес деп ойлойм. Бирок, мен муну кыла алам. Мен буга эч кандай себеп көргөн жокмун, өзүмдү жакшы сезип жатам. Ак үйдүн дарыгери менен сүйлөштүм, укмуш адам, ал буга эч кандай себеп көргөн жок. Эч кандай белигилер жок. Силер бул тууралуу биринчи угасыңар. Балким, силер мага өзүңөр айтасыңар”,-дейт президент.
Белгилей кетсек, 29-февралда АКШнын Республикалык партиясынын эскичил чөйрөнүн жыйынында Трамп сүйлөгөн. 7-мартта форумдун катышуучуларынын биринен коронавирус оорусу чыккан. Жуктурган адам президентке кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок болчу, бирок ал президентке кирген адамдар менен контактка барышы толук ыктымал.
Булак: NazarNews.kg