www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Маалыматка таянсак, экспериментти Hvivo компаниясы жүргүзмөкчү. Ага Лондондун чыгыш бөлүгүндөгү Уайтчпелде жайгашкан Queen Mary BioEnterprises инновациялык борборунун лабораториясы таандык. Макул болгон ар бир ыктыярчыга 4500 доллар берилери айтылды.

Мындан тышкары, экспериментке макул болгондордун саламаттыгына жана диетасына дарыгерлер көз салары белгиленет. Ыктыярчыларда COVID 19га салыштырмалуу жеңилирээк респиратордук белгилер пайда болору айтылууда.

Тесттен өткөн вакциналар менен дары каражаттары чындап ооруп калган бейтаптарга колдонулат. Ал эми вакцинанын колдонулушу, дүйнөгө тарап жаткан вирустун жайылышына бөгөт коёт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости