www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикер Дастанбек Жумабеков Иран элчисинен кыргызстандык айдоочуларды кайтарууга көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жогорку Кеңештин төрагасы 10-мартта Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харазини кабыл алды. Жолугушуу учурунда төрага элчиден коронавирустан улам Ирандын чек арасында чыга албай кармалып калган 76 кыргызстандык айдоочуларды мекенине кайтарууга көмөктөшүүсүн өтүндү.

Мындан тышкары төрага, Иран-Кыргызстан соода мамилесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, парламенттер аралык кызматташууну да өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын билдирди.

Эске сала кетсек, коронавирус Иранды кучагына алган соң, жүк ташуу менен алектенген Кыргызстандык 76 айдоочу аталган өлкөнүн чек арасынан чыгып кете албай калышкан. Алар 18-февралдан бери Ирандын аймагындагы чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышпайт.

Учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору. Ал эми коронавируска байланыштуу Ирандагы чектөөлөрдөн кийин банк аркылуу да акча которуу мүмкүн болбой жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости