www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешов парламенттин төрагасы Дастан Жумабековго чет мамлекетте жүргөн депутаттардын иш сапарларын токтотууну сунуштады. Бул тууралуу Дастан Бекешов: “Сиз тыюуну салбайсызбы? Германияда 1000ден ашык адам коронавирус менен ооруп жатат, биздин айрым депутаттар ошол жакта жүрөт. Иш сапардан келген депутаттар карантинге жатсын”,-деген оюн билдирди. Ал эми Дастан Жумабековдун айтымында парламентке келчү конокторду келүүнү токтотулганын билдирип, мыйзам чегиндеги иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдады.

Эске сала кетсек, буга чейин Ирандын, Франциянын, Италиянын депутаттары жана айрым министрлери коронавирус жуктурушкандыгы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости