www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уюшулгандыгынын “96 жылдык” маарекесине карата Кыргыз милициясы тууралуу «Бир ырдын сынагы» багытындагы жарыялануучу сынактын жобосу:

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уюшулгандыгына 96 жыл толот. Ар бир кесип ардактуу, кандай кесип болбосун сөз кылууга татыктуу. Өзгөчө өз өмүрүн тобокелге салып, элдин коопсуздугун коргогон милиция кызматынын каармандарын ырга салсаң да, күүгө кошсоң да жарашат.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жагымдуу образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан эмгегин, коомдогу ордун көркөм чагылдыра алган чыгармалар абадай зарыл болуп турат.

Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын арттырып, коомчулук менен бирдикте иш алып барууну көздөп, эл менен байланышты чыңдоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамдарын аябастан берип келет.

Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, мындан ары да өркүндөтүү максатында «Бир ырдын сынагы» аталышындагы адабий-поэтикалык сынакты жарыялап турабыз.

Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу (4 саптык) формада жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаңы жазылган чыгарма болушу керек.

Эгерде чыгарма ак ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт. Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Чыт курсак бала да, ак чач кары да катышса болот.

Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ң, тамгалары кыргызча жазылышы керек.

Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат да жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.

Чыгармаларды тандоодо кара кылды как жарган акыйкаттык болушу үчүн 9 адамдан турган калыстар тобу дайындалат. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунан, бешөө ИИМдин кызматкерлеринен болмокчу.

Кымбаттуу калемгерлер, таланты ташыган кыргыздын акындары, чечендери, төкмөлөрү деги эле калем кармаганга шыктуу Кыргызстандын инсандары, Сиздерди бул сынакка катышууга чын дилден чакырабыз!

Чыгармаларды төмөнкү дарек боюнча жиберсеңиздер болот:

Сынакка катышуучу материалдар 2020-жылдын 15-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын “Бетме бет” гезитинин электрондук почтасына “[email protected]” дарегине жөнөтүлөт.

(Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469 дареги)

тел: (0312) 266125, 266124 байланышсаңар болот. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости