www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 13-январда, саат 18:00дөн тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын "Ак тилек", "Чалдыбар" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайларынан өтө алышат.
Ал эми жогоруда аталган көзөмөл бекеттеринен жарандардын өтүүсүнө төмөнкүдөй чектөөлөр коюлган:
1.Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
2.Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыгып кете алышат;
3.Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга кире алышат.
4.Кыргызстандын "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда:
5.Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
6.Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
Булак: NazarNews.kg