www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттерикадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, беш бекет 17-январда саат 17:00дөн тарта жарандарды өткөрө баштаган.

"Ак-Жол", "Чалдыбар", "Чоң-Капка", "Кең-Булуң" жана "Токмок" пункттары Кыргызстандын жарандарын, чет элдиктерди жана жарандыгы жокторду Кыргызстанга да, Казакстанга да өткөрө баштады. Бирок Кыргызстанга жарандар эч бир тоскоолдуксуз кире алса, Казакстанга казак тарап белгилеген айрым чектөөлөрдү эске алуу менен киргизилет", — деп айтылат маалыматта. Чектөөлөр:

Казакстандын Кыргызстандагы жарандары "Ак-Тилек" аркылуу мекенине кайта алышат;

Кыргызстандын Казакстандагы жарандары жана чет элдиктер "Ак-Тилек" аркылуу Казакстандан чыгып кете алышат.

"Каркыра" көзөмөл-өткөрүү жайы Кыргызстандагы казак жарандарын гана кабыл алат.

Жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек", "Чалдыбар" жана "Чоң-капка" пункттарынан тоскоолдуксуз өтө алышат (COVID – 19 боюнча чектөөлөрдү эске албаганда). Ал эми жүгү жок жүк ташуучу унаа "Кең-Булуңдан" өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости