www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

УКМК Бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалымат алган. Ага ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товар импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарт түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамдарды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле, системалуу түрдө пара алып туруу үчүн товарларды жашыруу схемалары колдонулган.

Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги баюу максатында тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашырып баалап тургандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча бүгүн, 17-январда, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости