www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасынан товар өткөрүү маселеси талкууланат

Кыргызстан менен Кытайдын бажысынан жүк өткөрүүнү тездетүү максатында Өкмөттүн деңгээлинде жана Нарын, Ош облусунун башчыларыны менен Кызыл-Суу автономиялуу обулсунун башчыларынын сүйлөшүүлөр өтөт. Бул тууралуу парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Анын айтымында эки өлкө ортосундагы товар өткөрүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча эки өлкөнүн премьер-министрлери жана тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ал Кытай тараптын берген маалыматына таянып, Эркештам, Торугарт өткөрмө пункттарынан товар киргизүүнүн азайып кетүүсүнүн себебин айтып берди.

«Кытай тарап берген маалыматка караганда чек арада иштеп жаткан кызматкерлер жүк келген учурда өз убагында жумушун аткарбай жатыптыр. Анан Кыргызстандан унаалар кирип жатканда биздин кызматкерлер дезинфекцияны кылдаттык менен аткарбагандыктан, кийин Кытай тарап дагы бир жолу дезинфекциялоо ишин кылат экен. Мына ошонун айынан жүк өткөрүү жайлап кеткен».

Министрликтин өкүлү белгилегендей, пандемияга байланыштуу эки өлкө тең алгоритм киргизип, кирген-чыккан унаалар дезинфекцияланып турма болгон. Бул товар жүгүртүүнүн ылдамдыгына таасир этти. Бул ишти тездетүү максатында дезинфекциялоочу өткөрмөлөрдүн саны көбөйтүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости