www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-өзбек чек арасында Баткен районунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жеринде 1-май күнү жайыт жана суу талаштан эл жыйналып, кыргызстандык чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактардын бири жазып чыкты.
Кыргыз тарап бул окуяны болгону чек арадагы мыйзамсыз аракеттин алдын алуу деп мүнөздөөдө.
Мийзаев Өзбекстандын жарандары чек ара мыйзамдарын бузгандыктан Сох районунун жетекчилиги элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылганын айтты.
Сох анклавынын ылдый жагында жайгашкан Баткен районунун Апкан айылына суу Өзбекстандын айылдарын аралап келет. Суу келген арыкты ашар менен тазалоодо, пайдаланууда майда пикир келишпестиктер болуп келген.
Өзбек тараптын тургундары илгертеден өзүлөрү пайдаланып келген чек арага жакын жайытка чыкканда Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарган деп жатышат.
Эске салсак, 2013-жылдан бери Сох анклавын Өзбекстандын негизиги бөлүгү менен түз байланыштырган Сох-Риштон жолу жабык турат. Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен беш пайыздайы такталган эмес.
Булак: NazarNews.kg