www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 2 пункт 1-апрелде ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрмө пункттарынан 1-апрелден тарта жарандар, транспорт каражаттары жана 20 орундуу кичи автобустар өткөрүлүп баштайт. Бул келишим тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта Бишкектеги маалымат жыйында айтты.

К.Ташиев 24-25-мартта иш сапары менен Өзбекстанда болуп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Ошондой эле эки тарап «Кара-Суу», «Бегабад», «Ынтымак», «Кең-Сай», «Сейдикум» көзөмөл-өткөрүү пункттарын калыбына келтирип, иретке келтирүү тууралуу макулдашты.

«Оңдоо иштерин өзбек тарап жүргүзөт. Себебин кийинчерээк айтам», - деди К.Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости