www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы К.Ташиевге адвокат Жумашев Бактыбек Талиповичтен, Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин кызыкчылыгын коргоо үчүн,

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз жакында Баткен облусуна болгон иш сапарыңыздагы жарандар менен жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиев Кубанычбектин кармалышы жөнүндө: «Ал кантип Бишкектеги 33 гектар жери бар заводду  бизнестин жардамы менен сатып алышы мүмкүн?  Ал эч нерсе сатып алган эмес. Анын баары улуттун менчиги. Ал жерде 37 чоң имарат бар экен, баарын ал кантип сатып алды? Мамлекеттен туура жана туура эмес жолдор менен менчиктештирип алышкан. Андан кийин байып, бардар турмушта жашайт, өздөрүнөн кийин балдары жана чөбөрөлөрү дагы так ошондой бардар турмушта жашашат", - деп айттыңыз.

Сиз айткан сөздөрдү көпчүлүк маалымат каражаттары таратып, коомчулукка желдей тарады. Бирок, жогоруда келтирилген фактылар боюнча адвокат катары пикиримди жана бул маалымат чындыкка дал келбегенин билдирүүнү зарыл деп эсептейм.

К.Жумалиев ЭВМ заводунун приватташтырылышына катыштыгы жок. Ал завод сатылганда жыйырмадан ашык компанияга сатылыптыр. Анын бир компаниясы 8,8 гектар жери менен Россиялык бизнесмен сатып алгандыгы тууралуу тастыкталган документтер бар. ЭВМ заводунун мүлкү жана имараттары актив түрүндө сатып алгычакты эле сатылып кеткен.

2009-жылы, дал ошол Россия Федерациясынан келген ишкерден К.Жумалиев "Аструм" ЖЧКнын 50% акциясын 17 200 000 сомго сатып алган. Ишкердин аты - А.Волосовец. Бул үлүштү сатып алуу үчүн К.Жумалиев “Финанс Кредит Банк” ААКнан 700 000 АКШ долларын кредит катары алган.

Ошентип, К.Жумалиев «Аструм» ЖЧКнын үлүшүн мурунку ЭВМ заводунун имаратын экинчи рыноктон сатып алган. Ал менчиктештирүүгө катышкан эмес, аукциондорго жана соодалашууга катышкан эмес. Башкача айтканда, К.Жумалиев ишкер катары келишим түзгөн, бул бизнес.

Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз, эмненин негизинде “К.Жумалиев менчиктештирип алган жана эч нерсе сатып алган эмес”, деп ырастайсыз? Сиз укук коргоо органынын башчысысыз жана мындай эч далили жок, жалган жалаа, айыптоолорду таратпашыңыз керек.

Ошондой эле, К.Жумалиевдин 33 гектар жерди сатып алгандыгы боюнча сөзүңүз чындыкка дал келбейт, анткени "Аструм" ЖЧКсы болгону 8,8 гектар жерди ээлейт. Башкача айтканда, бул жерде дагы, сиз туура эмес маалыматты ачыкка чыгарып жатасыз.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, коомчулукка чындыкка дал келбеген маалыматтарды бербөөнү суранам. Сиздер тараптан жасалып жаткан иштер, “сотко чейинки өндүрүш объективдүү болбой калат окшойт” деген коркунуч жаратууда. Себеби, маалымат бир тараптуу жүргүзүлүп жатат. Учурдагы тергөө "биз сени түрмөгө камап, андан кийин себебин табабыз" деген маанайда, өтө эле бир тараптуу жүргүзүлүп жатат. Мунун бир ырастоосу - кылмышка шектүү деп, таптакыр негизсиз экендигине карабастан (алды деген 2016 жылдагы лицензия колдонулган дагы эмес), К.Жумалиевдин жаш  курагы, 3-баскычтагы оор гиепертониялык ооруу менен ооруру эске алынбай, баш коргоо чарасын үй камагына эмес, СИЗОго камакка алуу чечими кабыл алынганы айтып турат. Эмне себептен, ушундай  эле  айыптоолор менен башка адамдардын баш коргоо чарасына үй камагы тандалып алынган? Азыр К.Жумалиев инфаркт (болсо, 3үнчү жолу болот аны көтөрө албайт), инсульт болуп калуу коркунучунда турат!

Эскерте кетсем, Экономикалык кылмыштуулукка каршы Мамлекеттик кызматы тарабынан да К.Жумалиевге карата тергөө иштери жүргүзүлүп, бирок учурда сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары УКМКга кошумча тергөө иштерине жөнөтүлгөн. Сиздин көңүлүңүздү К.Жумалиевдин оппоненти С.Жапыкеев  да тогуз ай ичинде анын бардык мүлктөрүн, бардык иш-аракеттерин текшерип, эч кандай компромат таба албагандыгына бургум келет.

Мен Сизден, объективдүү тергөө жүргүзүп, эмоцияларды жокко чыгарып, фактылар, объективдүү далилдердин негизинде  гана чечим кабыл алууңузду суранам.

Жактоочу Жумашев Б.Т.

т. 0555-000-576

 

Последние новости