www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арачылары футбол ойношту

Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак конушундагы кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Анда 2020-жылга карата иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга карата пландар талкууланды.

Мындан тышкары, чек ара заставаларынын башчыларына кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылар үчүн жүрүм-турум сызыгын сактоо боюнча биргелешкен практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле мамлекеттик чек аранын тактала элек аймактарын биргелешип кайтаруу, чек арада укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү, көйгөйлөрдү чечүүдөгү кызматташтык талкууланды.

Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаевдин айтымында, чек ара бекеттеринин башчылары үчүн биргелешкен окуу сабактары 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет.

“Биргелешкен машыгуулар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чек ара инциденттеринин санын 3 эсе кыскартууга мүмкүндүк берген факторлордун бири болуп калды ”, — деди Кыялбек Төлөнбаев.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2014-жылы 32 окуя катталган, быйыл 9 учур катталды.

Тажик чек арачылары менен болгон жолугушуудан кийин Баткен участкасында Кыргызстандын чек ара өкүлчүлүгүнүн кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости