www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешменин «Мамлекеттик бийлик органдары» секциясы үч бийликтин ыйгарым укуктарын белгилөөнүн үстүнөн иштөөдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Асел Абакирова билдирди.

Ал белгилегендей, кеңешменин иши ачык-айкын өтүүдө.

«Өкмөт башчы же өкмөт мүчөлөрүн Элдик курултайдын сунушу менен жумуштан четтетүү маселесин президенттин ыйгарым укугуна жазып чыктык.

Бирок бир дагы беренеге чекит кое элекпиз, баары каралууда. Биздин секция карап чыккандан кийин пленардык жыйында да каралат», - дейт ал.

Ошондой эле Абакирова теле аркылуу Конституциянын жаңы долбооруна карата сын айткандарды Конституциялык кеңешмеге келип, өз оюн айтууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости