www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков караан калгыр саясаттын айынан тагдырдын сыноосуна моюн сунуп, абакта күн кечирип келди. Эмне ал Атамбаев үчүн камалып келгендей, анын көздөй кишиси беле? Жок, Атамбаев президент тушунда сөзүнө бал да, калемпир да кошуп аны «Төө бастыга» алгандардын бири. Кыргыздын бир жакшы баалуулугу бар. Ал башына иш түшүп, жыгылганды эч качан тепкилебеген. Албетте, бул жагына кезеги келгенде мезгил өзү баа берер. Биздин айталы дегенибиз, Равшан Жээнбеков да кезегинде экс-президент Аскар Акаевдин көздөй жардамчысы болгон. Дал ушул кызматты аркалаган соң анын саясаттагы тушоосу кесилип, андан аркы саясаттагы бактысына жол ачылган, Равшан Жээнбеков өз убагында Акаевдин тилин таап, СССР тараган соң менчиктештирүү заманында өзүнө дүнүйө топтоп алган. Болбосо, айылдан чыккан карапайым жигиттин ишкерге айлануусу азыркыдай шартта күмөн эле да.
Равшан Жээнбековду жети оор беренелер менен күнөөлөп жатышкан. Негизги койгон айыптары: адамды барымтада кармоо, баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу. Ал көп жылдан бери Кыргызстанда демократиялык реформалар үчүн күрөшүп келген.Он беш жылдан бери оппозицияда, демократия, адам укуктары, укуктук мамлекет үчүн мындан ары дагы күрөшүп келген. Негизи батышчыл саясатчы. Жубайы Салкынай Алимбаева, улуу балдары Айсулуу менен Азат - АКШда жашашат. Андан кийинкилер Каныкей мектепти бүтүп жатат. Айжан 4-класста окуйт. Равшан Жээнбековду АКШ Конгресси колдоп билдирүү тараткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg