www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына КР өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.К.К. (Ботобаев Каныбек Калбаевич) тиешеси бар экендиги такталды.
7-декабрда чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Б.К.К. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg