www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Чек арага чектеш аймактарда абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте көзөмөлдөп жатышат. Милиция кызматкерлери блокпосттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Куралдуу кагылышуу орун алган айылдарды ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргиликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө.

Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күнү-түнү жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости