www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылган окуя катталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкерлери “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарышкан.

Эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя боюнча жолукту. Атайын кызмат кыргыз жарандары чек арага өтө жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш жүргүзгөнүн белгилеп, тажик тарап курал колдонгону туура эмес болгонун моюнга алганын билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлү чырга жол берген аскерге чара колдонулаарын маалымдаган. Эки тарап окуяны иликтеп, жыйынтыгы боюнча жолугушуу өткөрүүнү макулдашканы кабарланды.

УКМК учурда чек арада абалы тынч экенин билдирди. Тажик тарап акыркы окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости