www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 14-февралына чейин камакка алынган "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы башчысы Ю.Б.К. мамлекетке 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө каражат төккөндөн кийин үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тергөө учурунда Ю.Б.К. коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурган. Мындан улам, анын баш коргоо чарасы үй камагына айланган.
Шектүү Ю.Б.К 2020-жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: NazarNews.kg