www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган жарандык активисттер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайк, 2021-жылдын 8-январында УКМК тарабынан «Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

“Эгерде жарандарда акча талап кылуу жана коркутуу боюнча ушул сыяктуу фактылар болсо, КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын 0312 66-00-20 жана 0501-66-00-20 (WhatsApp, Telegram) ишеним телефондоруна кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости