www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалыш фактысы боюнча ушундай пикирин билдирди. 

«Белгилүү болгондой, мурда окуучулардын ата-энелеринен кармалаган мугалимдин жосунсуз аракеттери тууралуу маалыматтар түшкөн, бирок мектеп администрациясы эч кандай чараларды кабыл алган эмес. Бул мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук.

Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле.

Менталдык четтөөлөргө шектелген жактарды балдар менен иш алып барууга жол берилбеши керек», - деди Элвира Сурабалдиева. 

Вице-премьер-министр орун алган окуя боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости