www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантиндин өз учурунда киргизилүүсү, элдин изоляцияда калып, жеке гигиенаны сактоо тартиби, медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында оору бул убактан эртерээк басаңдады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов брифингде билдирди.

"Коронавирус катталган күндөн берки бешинчи жумада оору көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Акыркы беш күндө 87 адам катталды. Бул мурунку беш күнгө салыштырмалуу 9 адамга аз. Биздин божомол боюнча май айынын аягына барып, оору күн сайын катталбай калат. Ошону менен майдын акырында оору токтойт деген божомолубуз бар", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости