www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журналистика тармагы чоң жоготууга учурады. 27-январь күнү Нарын облустук медиаборборунун башкы деректиринин гезит жана сайт боюнча орун басары, көп жылдар бою “Теңир Тоо” гезитин жетектеп, гезиттин башкы редактору болуп иштеп келген журналист кесиптешибиз Дүйшөналиев Таалайбек Токтобекович 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Таалайбек Дүйшеналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөндөн кийин 1985-жылы Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Мындан кийин Нарын райондук «Жеңиш» жана кайра ачылган облустук «Теңир Too» гезиттеринин редакцияларында кабарчы, бөлүм башчы кызматтарында иштеген. 1995-жылдын май айынан бери облустук «Теңир Too» гезитинин башкы редактору, 2019-жыл бери Нарын облустук медиаборборунун башкы деректиринин гезит жана сайт боюнча орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.  Мындан сырткары  республикалык басылмалар болгон “Кыргыз Туусу”, “Асаба” гезиттеринин, “Кабар” маалымат агенттигинин облустагы өз кабарчысы милдеттерин татыктуу аркалаган.

Т.Дүйшөналиев  26 жылдык эмгек жолунда гезиттин идеялык-көркөмдүк деңгээлин жакшыртуу, финансылык абалын чыңдоо жаатында бир катар алгылыктуу чараларды жүзөгө ашырууга жетишкен. Гезиттин полиграфиялык жасалгаланышына жана сапаттуу басылышына көңүл бурган.

Таалайбек Дүйшөналиев “Теңир Тоо” гезитин жетектөө менен бийик тоолуу Нарын облусунун тарыхый санжырасын түзүүгө, анын социалдык-маданий, экономикалык жактан өсүшүнө, республикабызда жүрүп жаткан саясий жана экономикалык, социалдык кайра түзүүлөрдүн гезит беттеринде жеткиликтүү чагылдырылышын камсыз кылууга эбегейсиз салым кошкон.

Таалайбек Дүйшөналиевдин журналисттик жана жетекчилик ишмердүүлүгү бааланып, анын кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө жана республиканын социалдык- экономикалык өнүгүшүн айкын чагылдырууга кошкон эмгеги үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин диплому жана акчалай сыйлыгына арзыган. Кыргызстан журналисттер Коомунун Ардак грамотасы, аталган коомдун С.Мамбеталиев атындагы сыйлыгы менен сыйланган. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, эл депутаттарынын облустук Кеңешинин Ардак грамотасына ээ болгон. Аялдар темасын чагылдыруудагы конкурска активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан аялдар конгрессинин жана Ф.Эберт атындагы фонддун Диплому менен сыйланган. Бир нече жолу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын баалуу сыйлыктары ыйгарылган. Республиканын маалымат жана басма жагындагы сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон.

Таалайбек Дүйшөналиев коомчулукта, эмгек жамаатынын ичинде чоң кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ болгон инсан катары эсибизде калат. Ал калыстыгы, чечкиндүүлүгү, бийик адеб-ахлагы, адамгерчилиги, ишке көзүнүн жетиктиги менен айырмаланып турган. Кызматында так, ак иштеген, жоопкерчиликтүү жетекчи гана болбостон, үй-бүлөдө күйүмдүү жолдош, жакшы ата болгон. Таалайбек Дүйшөналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Булак: http://naryn.kyrgyz.media/

Последние новости