www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терексай» кенинде абал жөнгө салынганын кабарлады. Бүгүн, 25-январда Терек-Сайдагы суу жана дарыя толук көзөмөлгө алынып, жергиликтүү элге тушүндүрүү иштери жүрдү.
Абалды иликтөө эми мамлекеттик тармактар аралык комиссияга берилди. Ага Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспеция менен Жалал-Абад облусттук бийликтин өкүлдөрү кирет.
«Кыргызалтын» ишканасы түзгөн оперативдүү штабды аталган мекеменин төрагасы Элмырза Үкүбаев жетектеп, «Эти Бакыр Терексайдагы» байытуучу фабрикадан чыккан заттар жок кылынды.
Белгилей кетсек, 23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип сайга кошулган.
Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруу зарыл экенин эскерткен. Интернетте жергиликтүү айрым жашоочулар сууга цианид төгүлүп, уулуу калдыктар сактаган жайлар ачылып кетиши ыктымал деп кабатыр болуп жатканын билдиришкен.
«Кыргызалтын» ишканасы кырдаал жөнгө салынганын, анын кесепети ыкчам жоюлганын, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок экенин кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg