www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самара Каримованын ордуна кайсы ырчы жетекчи болуп келет?

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалып, эмгек жамааттын нааразычылыгынан улам кызматтан аргасыз баш тарткан. Бүгүн, 25-январда ырчынын арызы расмий түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келип түштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда директорлук кызматка кимди дайындоо талкууланып жатат.

"Ырчынын арызы келип түштү. Учурда жетекчилик орунга окуу жайда иштеген кызматкерлерден эле дайындоо каралып жатат", - деди мекемеден.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы малым болгон. 

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, отурум 3-февралга белгиленген.

22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости