www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 25-январда УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу жакындары билдирди.

Алардын айтымында, Абдил Сегизбаев саат 10го чакырылып, андан бери сурактан чыга элек.

Белгилей кетсек, бүгүн Башкы прокуратура «Белизгейт» боюнча иш кайра тергеле баштаганын маалымдады. Ага парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматовдун кайрылуусу себеп болгон.

Эскерте кетсек, «Белизгейт» иши 2016-жылы «Ата-Мекен» фракциясынын үч депутатына каршы козголуп, алар жемкорлук ишине айыпталган. Ишти ал кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости