www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда баңгизатын сатуу менен алектенген эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

22-январда Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында эки кыргыз жараны Борбор Азия өлкөлөрүнө баңгизаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөнү аныкталды.

Кармалган жарандар 1966-жылы туулган К.М. жана 1962-жылы туулган У.М. Алардын унаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

23-январда кармалган У.М. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда кампасында сакталган 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 600 граммдан ашык кара куурай чайыры (гашиш) баңгизаты экени аныкталды.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Атайын кызмат бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракетин көрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости