www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин макетин тандоо боюнча комиссиясы чогулду. Комиссиянын курамында “Чокморов” атындагы фонддун төрагасы С.Абдрахманов, СССР Эл Артисти Б.Шамшиев, архитектор А.Абдраимов, сүрөтчү А.Осмонов, режиссер З.Эралиев, сүрөтчү Ю.Шыгаев жана башка белгилүү инсандар жана С.Чокморовдун жакындары бар.

Эсиңерде болсо, былтыр күзүндө ал кездеги Бишкек мэри А.Ибраимов жана өкмөт башчысы С.Исаков “Ала-Тоо” кинотеатрынын тушуна орноткон эстелик жараксыз деп табылып, коомчулук тарабынан катуу нааразылык жараткан. Комиссиянын сынагына 27 автордук топ катышып, биринчи этаптан беш долбоор жактырылды. Авторлордун аттары Базарбек Сыдыков, Садабек Ажиев, Тамила Маматова, Азамат Абдрахманов жана Аскар Турумбеков. Булар менен 26-декабрда Кино үйүндө комиссия жолугуп, акыркы эскиз боюнча сүйлөшмөй болушту.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости