www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, алдыдагы аптада айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланышы ыктымал. Анткен менен түштүк тарапта жана Чүй, Бишкекте абанын температурасы жогору болору божомолдонду.

3-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.

5-6-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кайра жаан-чачын болуп, айрым тоолуу жерлерге кар жаашы божомолдонууда. 6-майда кээ бир аймактарда жаан катуу жаайт деп айтылды.

7-майда Нарын менен Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачылат. Абанын температурасы 23 градуска чейин жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз жана 6-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости